Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө 260 миң сом уурдап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракеттенген адам кармалды

Кыска кабар | 4 Авг 2022 | 804 | 0

Ысык-Көлдө агроаптеканын мурдагы кызматкери сейфтен ири суммадагы акча уурдап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-июлда Каракол милициясына 260 миң сом акча уурдалгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жеринде милиция кылмышкерлер агроаптеканын короосуна кошуна үйлөрдүн чатыры аркылуу түшүп, имараттын кире бериш эшигин талкалап, видеокөзөмөл камераларын өчүрүшкөнүн аныктаган. Андан соң алар сактоочу жайдан ачкыч алып, сейфти ачкан.

Кылмышка шектелип компаниянын мурдагы кызматкери 37 жаштагы Б.А. «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан кармалган. Ал чек арадан өтүүгө аракет кылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин уурдоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Каракол милициясынын тергөө кызматы окуянын чоо-жайын тактоо иштерин улантууда.

Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM