Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлгө чөккөн 4 жашар кыз табыла элек. Издөө уланууда

Кыска кабар | 3 Авг 2022 | 507 | 0

Ысык-Көлдө сууга чөккөн 4 жашар кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 3-августта издөө иштерине ӨКМден жалпы 18 куткаруучу тартылган. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун айыл өкмөт кызматкерлери, жергиликтүү тургундар куткаруучулар, суучулдар жана башка адистер менен бирге издешкен. Алар көл жээктерин карашып, көл астындагы торлорду алып чыгышып, кайыктар, катерлер менен көлдү кыдырышууда. Бирок издөө саат 18:00дө токтотулуп, натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 3-август күнү издөө иштери улантылат.

Эскерте кетсек, 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу төрт жаштагы кыз көлгө чөгүп кеткен.

Издөө иштерине жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот: 0(705) 60-37-04, 0(555) 99-56-26.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM