Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атада Араб координациялык тобунун төртүнчү жыйыны башталды

Кыска кабар | 3 Авг 2022 | 256 | 0

Бүгүн, 3-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун төртүнчү тегерек столу өтүүдө.

Жыйын Араб координациялык тобунун өкүлдөрү менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө, жалпысынан экономика тармактарын өркүндөтүүгө арналган.

Учурда төртүнчү тегерек столдун алкагында 13 долбоорго каржылык колдоо тартуу иштери жүрүп жатат. Эгерде сунушталган инфраструктуралык долбоорлор колдоого алынса, тартылган каражаттар төмөнкү тармактарга багытталат:

  • ипотекалык насыялоо;
  • транспорт;
  •  саламаттыкты сактоо;
  •  ирригация;
  •  билим берүү;
  •  байланыш тармагы.

Жыйындагы ачылыш сөзүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Кыргызстан тегерек столдун жыйынтыгына чоң маани берерин жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү өнөктөштөрдүн колдоосуна чоң үмүт арта тургандыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM