Президент Садыр Жапаров фейсбуктагы расмий баракчасына кичи мекенинде, тоодо ат минип жүргөң сүрөттөрүн жарыялады.
«Ата конушуна барып, Куран окуп кайттык», — деп жазган Жапаров.
Бир күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев да фейсбуктагы баракчасында Садыр Жапаров менен Каркыра жайлоосунда эс алуу учурунда түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган.
Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган.