Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 24 Июл 2022 | 464 | 1

Бүгүн, 24-июлда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Ошондой эле жакында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу сөз болду.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевду туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана өзбек элинин бакубатттулугу үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Өзбекстандын президенти достук, шериктештик жана союздаштык принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелерин чыңдоого, эки тарапка пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Чынара

    24.07.2022 17:36

    ЖашасынСадыр Ажобуз баардыгына жалгыз жеиишип жатат буюруса Кыргызстан алдыда болооруна умутубуз чоон

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM