Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 25-июлда Ысык-Көлдө жаан жаайт

Кыска кабар | 24 Июл 2022 | 1265 | 0
Сүрөт: Султан Досалиев

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 25-июлда түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында, тоолуу райондорунда жаан жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40,

Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+38,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +36…+41,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +30…+35,

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24, күндүз +35…+40 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM