Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 5 жашар бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Такталган маалымат боюнча, 23-июлда саат 14:30 чамасында Тамчы айылынын Жунушов көчөсүндөгү эс алуучу жайдын аймагында 2017-жылы туулган кичинекей бала ойноп жүрүп жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Аны издөөгө 2 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер тартылып, баланы аман-эсен табышкан.