Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл жээгиндеги кафеде мушташкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 22 Июл 2022 | 1397 | 0

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 21-июлда пансионаттардын биринде болгон. Саат 5:30 чамасында эс алуу жайына үч жаран келип, ал жерде иштеген кызматкерлерди сөгүп, адепсиз сөздөрдү айтып, бычак менен коркутуп, ичимдик ичкен соң бардын идиш-аяктарын, мүлкүн сындырып, чыгып кетишкен.

Бул факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 28, 27 жана 21 жаштагы үч жергиликтүү тургун кармалган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ыкчам каттоодо турганы айтылды.

Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM