25-июлдан тарта Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Кулатовдон Лев Толстойго чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн боюндагы магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.
Жаңылоо иштери Бишкек шаарынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын буйругунун негизинде жүрүп жатат.
Реконструкциялоо иштери 2022-жылдын 1-октябрына чейин жүргүзүлөт.