Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда мектеп директорлорун дайындоо боюнча пилоттук сынак өткөрүлдү

Кыска кабар | 22 Июл 2022 | 2562 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорун дайындоо боюнча биринчи пилоттук сынакты Талас облусунда өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Талас районундагы Ш.Жумагулов атындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү таланттуу балдар үчүн Манас мектеп-лицей-интернатына жана Бакай-Ата районундагы жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чалдыбар мектеп-интернатына директорлорду тандоо боюнча биринчи пилоттук сынак өттү.

Директорлук кызматка талапкер болгон 7 кишинин ичинен төртөөнүн керектүү документтери талаптарга толук ылайык келип, алар автоматташтырылган тестирлөөгө катышууга укук алышты.

Сынактын жүрүшү түз эфирде Билим берүү министрлигинин Фейсбуктагы баракчасында көрсөтүлдү. Мындан тышкары, жарандык коомдун өкүлдөрү Талас мамлекеттик университетинин аудиториясында сынактын жүрүшүнө көз салып турду.

Тест бир жарым саатка созулуп, ага «Башкаруучулук менеджмент», «Педагогика», «Курак психологиясы», «Нормативдик укуктук актылар», «IT компетенциялары» (колдонуучу деңгээлинде) сыяктуу темалар камтылган.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча, Манас интернат-лицейинин директору эң көп балл топтоп жана 60 босоголук пайыздан өтүп, жеңүүчү болду.

Калган талапкерлер 60% босогодон өтпөй калгандыктан, Чалдыбар мектеп-интернатынын директору кызматына бош орун ачык бойдон калды.

Компьютердик тестирлөөнүн бардык катышуучулары апелляцияга арыз берген. Бирок апелляциядан кийин дагы жыйынтык өзгөрүүсүз калды.

Copyright © 2017 Maral FM