Биз менен байланышыңыз

Тажик жана түркмөн башчылары достук келишимине кол коё элек. Себеби

Кыска кабар | 21 Июл 2022 | 14273 | 0

Борбор Азия мамлекет башчылары 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн төртүнчү Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгында бир топ документке кол коюшту.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбордук Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.

Ал эми Тажикстан менен Түркмөнстан келишимге кол койгон жок. Тышкы иштер министрлиги мунун себебин түшүндүрдү.

Маалыматка караганда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндө ички жол-жоболор аяктагандан кийин бул документке кол коюшат.

«Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Авазбек Атаханов Борбор Азиянын бардык мамлекет башчылары келишимге кол коюуну колдоп, макул экенин билдирди. Түркмөнстан менен Тажикстан ички жол-жоболор аяктагандан кийин келишимге дароо кол коюуга даяр» , — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM