Биз менен байланышыңыз

Эртең Тамчы-Чолпон-Ата жолу бир саатка жабылат. Графиги

Кыска кабар | 20 Июл 2022 | 494 | 0

Эртең, 21-июлда саат 9:00дөн 10:00гө чейин Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки тилкеде жол кыймылы токтотулат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

20-21-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтөт.

Жогоруда айтылган жол тилкеси эл аралык делегациялар өткөндөн кийин ачылат. Жол кайгуул кызматы жол боюнда көзөмөлсүз токтотулган унаалар эвакуацияланарын эскертти.

«Ушул күндөрү өлкөнүн башка аймактарына жана Ысык-Көл облусуна барууну көздөгөн жарандардан тыгындарды, кечигип калууларды болтурбоо үчүн каттамдарын алдын ала пландап алууну суранабыз», — деп эскертет Жол кайгуул кызматы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM