«Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасы шаардагы эскирген троллейбус линияларын алмаштырууда.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, линияларды алмаштыруу иши 18-июлда башталган. Бир айдын ичинде эскирген линияларды алмаштыруу иштери аяктайт.
Мындан тышкары, троллейбус башкармалыгы шаардагы тирөөч мамыларды сырдап, көмөкчордондорду оңдоп-түзөөнү улантууда.