Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат.
Буга байланыштуу, тоннель бир күндө 3 маал жабылып турат.
Тактап айтканда, таңкы саат 4:00дөн 6:00гө, күндүзү 10:00дөн 12:00гө жана 14:00дөн 16:00гө чейинки сааттарда тоннел өтмөгүндө жол эки тараптуу жабылат.
«Ош – Бишкек жолуна чыгаарда жол азыгын жана суу камдап алууну унутпаңыздар» , — деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Министрлик оңдоо иштери канча күнгө созуларын маалымдаган жок.