Биз менен байланышыңыз

Чек арачыга аюу кол салып, каза болду

Кыска кабар | 20 Июл 2022 | 2228 | 0

УКМКнын Чек ара кызматынын аскерине 19-июлда аюу кол салды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Түштүк-Бөкбашы тилкесинде мамлекеттик чек араны кайтаруу милдетин аткарып жатканда аюу капысынан 1992-жылы туулган К.А. аттуу аскер кызматкерине кол салган.

Жоокер Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгында келишимдик негизде кызмат өтөгөн.

Ал оор жараат алып, каза болуп калды. УКМК чек арачынын өлүмү иликтенип жатканын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM