Биз менен байланышыңыз

Жаңыланган вагон Бишкек-Балыкчы жүргүнчүлөр поездине кошулат. Графиги

Кыска кабар | 20 Июл 2022 | 877 | 0

22-июлдан тарта модернизацияланган вагон Бишкек-Балыкчы жүргүнчүлөр поездине кошулат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

51 орундуу вагондо жүрүүчү бөлүктөрдүн жана автотоктоткучтардын жаңы элементтери орнотулган, панорамалык терезелер, кең форматтагы телевизорлор, аудио стерео система, телефон жана ноутбукту кубаттоо үчүн түйүндөр, муздатылган суусу менен кулер, муздаткыч, ошондой эле кондиционер бар.

Бул поезддин каттамы боюнча жүргүнчүнүн отурган жана түшкөн бекетине карабастан жол жүрүү акысы төмөнкүчө:  

5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн акы – 250 сом,

10 жаш жана андан жогору курактагы жүргүнчүлөр үчүн – 500 сом.

Жүргүнчүнүн өзү менен 5 жаштан жогору эмес курактагы бир бала, эгер ал отуруу үчүн өзүнчө орун ээлебесе, акысыз жүрөт. Мындан тышкары 36 кг чейин кол жүгүн алып алуу акысыз.

Люкс вагон кошулган Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 22-июлдан тарта күн ара 31-августка чейин жүрөт. Тактап айтканда төмөнкү күндөрү:

22-24-26-28-30-июль күндөрү,

1-3-5-7-9-11-13-15-17-19-21-23-25-27-29-31- август күндөрү.

18-июлдан тарта Бишкек-Балыкчы жүргүнчүлөрдү ташуу каттамы күнүгө аткарылып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM