Биз менен байланышыңыз

Кумар оюндарынын кандай түрлөрүнө уруксат берилгени аныкталды

Кыска кабар | 20 Июл 2022 | 869 | 0

Экономика жана соода министрлиги министрлер кабинетинин «Оюн-зоок чөйрөсүндөгү айрым чечимдер жөнүндө» токтомунун долбоорун иштеп чыкты. Документ коомдук талкууга коюлду.

Бул тууралуу 20-июлда маалымат жыйында экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев журналисттерге билдирди.

Министр учурда казино иштетем деген ишкерлер жок экенин айтты.

Документтин негизги милдети оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, ошондой эле оюн-зоок жайларында кумар оюндарына карата талаптарды, алардын ишин лицензиялоо, көзөмөлдөө тартибин белгилөө болуп саналат.

Өлкөдөгү оюн-зоок жайларынын ишин Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнгө салат.

Кумар оюндарына Кыргызстандын жарандары, 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөр киргизилбей турганы дагы бир жолу белгиленген. Оюн жайларына кардарлардын мас абалда келүүгө, ошол жерди уруксатсыз видео, сүрөткө тартууга, ошондой эле кумар оюнунун тейлөө аймагына кирүүгө тыюу салынат.

Министрлер кабинети Кыргызстанда кумар оюндарынын кандай түрлөрүнө уруксат берилгенин аныктады.

-казино,

-оюн автоматтары залы,

-букмекердик кеңсе,

-лотереялар,

-онлайн жана электрондук (виртуалдык) казино.

Ар бир мекеменин ачылышы жана расмий иштеши үчүн лицензия алуу керек болот.

Казиного келген ар бир оюнчу жана алардын утуштары жеке идентификациялык маалыматтар менен катталат.

Оюн-зоок ишин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ага электрондук маалымат базасы түзүлөт. Бирок казинолор оюнчулар утуп алган же утулган сумма боюнча купуя маалыматтарды сактап, мыйзамда каралган учурларда бул маалыматты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга гана беришет.

Президент Садыр Жапаров кумарканаларды ачууга байланышкан мыйзамдарга 30-июнда кол койгон. Мыйзамдар «Кыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө» жана «Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деген аталыш менен кол коюуга киргизилген.

Максаты — инвестиция тартууга жагымдуу шарт түзүү аркылуу бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү.

Оюн жайдын ээлери мыйзам менен белгиленген юридикалык жактар болуп, Министрлер кабинети тарабынан 10 жылдык мөөнөткө берилген лицензия менен иш жүргүзөт. Оюн имараттары балдар бакчасынын, мектептердин, ЖОЖдордун, башка окуу мекемелеринин, медициналык жана диний мекемелердин, маданий мекемелердин, ошондой эле турак жайга жайгаша албайт.

Андан тышкары бир оюн столу үчүн 2022-жылы 750 миң сом, 2023-жылы 100 миң сом, 2024-жылдан тарта 1 млн 250 миң сом салык алынары жазылган.

Мыйзамды Министрлер кабинети демилгелеп, Жогорку Кеңеш 2022-жылы 22-июнда бир катар талаштардын коштоосунда кабыл алып берген.

Copyright © 2017 Maral FM