Биз менен байланышыңыз

Министр: Августта айлык акы 50% көтөрүлөт

Кыска кабар | 20 Июл 2022 | 8990 | 2

Август айынан тарта бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык маянасы көтөрүлөт. Ал үчүн 7-8 млрд сом бөлүнөт.

Мындан тышкары, октябрь айынан тарта пенсиянын да көлөмү 50 пайызга көбөйтүлөт.

Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда маалымат жыйынында Финансы министри Алмаз Бакетаев айтты.

«1-августтан тарта 58 миңге жакын мамлекеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлүшүн күтүп жатышат», — деп кошумчалады ал.

Президент Садыр Жапаров парламенттин 30-июндагы жыйынында «Кумтөр» маселеси жолго коюлуп, бюджетке кошумча киреше түшүүсү камсыздалганын билдирген. Анын негизинде мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият тармагындагы кызматкерлердин айлык акысы апрелден тарта эселеп көтөрүлдү.

Эми калган тармактагы бардык мамлекеттик кызматкердин айлык акысын көтөрүү боюнча да конкреттүү пландар бар экенин билдирген.

2 пикир

2 пикир

  1. Аскарбек Табылдиев

    21.07.2022 05:20

    50 пайыз көтөрүлөт дегениңер жакшы. Рахмат. 100 пайыз эле көтөрүп койсоңор жакшы болмок. Пенсионерлер азайып эле баратат, мындан ары канча жашаарын бир эле кудай билет. Дары кымбат кээ бир пенсионерге, пенсиясы дарыга жетпейт калат

  2. Рахат

    01.10.2022 01:16

    Туура которулгон болчу азыр сентябрь айыдыкы меники 14 мин сом эле чыкты Эми ошондо мамлекет бизди алдап жатабы?
    Бишкек номер 1 интернат гимназияны караныздар айлык акы кошулган жок туугандар жалган экен

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM