«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп кайрадан Мирлан Жакыпов дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев Жакыповду ишкананын жамаатына тааныштырды.
Мирлан Жакыпов 2021-жылдын сентябрынан 2022-жылдын 24-майына чейин «Кыргызкөмүр» ишканасын жетектеген.
Андан кийин анын ордуна Элдияр Калдарбеков дайындалган.
33 жаштагы Элдияр Калдарбеков кызматтан алынганы бүгүн маалым болгон.