Биз менен байланышыңыз

«Биринчи турак жай» кооперативинин башчысы камакка алынды

Кыска кабар | 19 Июл 2022 | 329 | 0

Ош шаарында «Биринчи турак жай» кооперативинин башчысы бир айга камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, быйыл март айынан бери тергөө кызматына «Биринчи турак жай» коммерциялык эмес кооперативинин жетекчилерине жана уюштуруучуларына карата алдамчылык, мыйзамсыз ыйгарып алуу, акча каражатын ысырап кылуу фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Тергөөнүн жүрүшүндө өлкөнүн ар кайсы аймактарынын жашоочуларынан аталган турак жай кооперативинин  жетекчисине чара көрүү өтүнүчү менен көптөгөн арыз түшкөн.

Учурда келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 18 миллион 188 миң сомду түзөт.

Мындан тышкары «Белый дом КейЖи», S-LINE кооперативдерине алданган жарандардын да арыздары боюнча иштер тергелүүдө.

Ал эми 14-июлда «Ихсан групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси эки айга тергөө абагына камакка алынган. 2022-жылдын март айынын бери өлкө аймагындагы «Ихсан» кооперативине кирген жарандардан да көптөгөн кайрылуу түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM