Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы автобус сатып алууга кайра тендер жарыялады

Кыска кабар | 18 Июл 2022 | 150 | 0

Бишкек шаардык мэриясы автобустарды сатып алуу боюнча экинчи жолу тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

«Белес KG» ЖЧКсы менен Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин ортосунда «Белес KG» компаниясынан 5 автобус сатып алуу боюнча меморандумга кол коюлган. Чыгарылган жабдуулардын сапатын алгачкы текшерүү максатында газ кыймылдаткычы бар автобустарды сатып алуу пландаштырылган.

Буга чейин бул ата мекендик компанияга 50 жүргүнчү ташуучу автобус чыгарууга укук берген сертификат берилген.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 1-июлунда «Бишкек жүргүнчүлөр транспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы 1 млрд сомго заманбап талаптарга жооп берген, кондиционер менен жабдылган, ошондой эле майыптыгы бар жарандар үчүн бардык шарттары бар 100 жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алууга чексиз сатып алуу ыкмасы менен тендер жарыялаган.

12-июлдагы тендердик табыштамаларды ачуу протоколуна ылайык, бул сынакка 4 катышуучу, анын ичинде «Белес KG» ЖЧКсы катышып, анын жыйынтыгы менен бардык катышуучулардын сунуштары четке кагылып, тендер жараксыз деп табылган.

«Себеби, катышуучулардын тендердик табыштамаларында техникалык тапшырманын (автобустардын техникалык параметрлери) жана тендердик документациянын белгиленген талаптарына жооп бербеген олуттуу кемчиликтер аныкталган. Ошентип, 2022-жылы 14-июлда www.tenders.kg сайтында 100 жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн кайра тендер жарыяланган» , -деп айтылат маалыматта.

Тендердик документтерди ачуу 2022-жылдын 21-июлуна белгиленген. Жыйынтыгында жеңүүчү компания менен келишим түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM