Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 инфекциясынын 47 учуру аныкталды. Бул тууралуу 14-июлда Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Анын ичинде:
— Бишкек шаарында 37;
— Чүй облусунда 7;
— Ош облусунда 3 учур катталды.
Ооруп калгандардын 40ы вирустун белгилери пайда болгонуна байланышту кайрылган, 7 адам ПЦР текшерүү учурунда аныкталган. Бейтаптардын бири ооруканага жаткырылды, калганы үйдөн дарыланууда.
13-июлда коронавирус 39 адамдан аныкталган эле.
Жалпысынан өлкөдө пандемия башталгандан бери 201 329 учур катталды.