Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Жалкоо кадрлардан арылышыбыз керек

Кыска кабар | 14 Июл 2022 | 1689 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда Министрлер кабинетинин жыйынына төрагалык кылып жатат. Жыйында өкмөт мүчөлөрүнүн аткарган иши тууралуу отчёт угулат.

Садыр Жапаров өткөн жылдын декабрь айында 2020-жылдын жыйынтыгы чыгарылганын, бүгүн алты айлык иштин натыйжасы айтыларын белгиледи.

«Иштин жыйынтыгын чыгаруу, иреттеп туруу дагы бир жолу белди бекем бууп, арабыздагы айрым жалкоо адамдардан арылууга негиз болот. Мурдагыдай эптеп убакыт өткөрүп жүрө берсек деген кадрлар арабызда болбошу керек. Азыр уктап жата турган мезгил эмес. Мен ар дайым ачыкмын, кайсы жерге барбайын, элдин суроолорун укмайынча кетпейм. Бардык суроого түз, ачык жоопторду берип келем», — деди Садыр Жапаров.

Президент министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков аймактарды кыдырып, элдин көйгөйүн чечип жатканын эске салды. Бул салт уланарына, жетекчилер эл аралап, маселени жеринен талкуулай турганына ишендирди.

«Бардык министрлер, Администрациядагы жетекчилер бүт региондорду кыдырып, элдин көйгөйлөрүн маал-маалы менен жеринен чечип турушат. Ал эми айыл өкмөттөрү, акимдер, губернаторлор, бюджеттен айлык алган ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерди «бүгүн эмне иш кылгандыгы боюнча» жалпыга маалымдоо айдыңына чыгып, маалымат берип турууга милдеттендиремин. Ай сайын отчет берип туруңуздар. Облуста, өзүңүздөрдүн аймактарда жасалган иштер тууралуу элге жана массалык маалымат каражаттарына маалымат берип туруңуздар» , — деди Жапаров.

Бүгүн, 14-июлда президенттин төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө. Анда 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Министрлер кабинетинин отчёту угулууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM