Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бүгүн 39 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 128 | 0

Кыргызстанда 13-июлга карата COVID-19 вирусунун дагы 39 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Анын ичинде, АКШ жана Казакстандан келген  эки жарандан аныкталган. Ал эми 27 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан дарыгерлерге кайрылышкан. Катталгандардын ичинен 14ү COVID-19га каршы эки жолу эмдөөдөн өткөн.

Бейтаптардын 34ү үйдө дарыланууга жиберилди, калган бешөө ооруканада.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 миң 282 учуру катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM