Биз менен байланышыңыз

Баткенде кокустан атылган октон улам 37 жаштагы жаран каза болду

Кыска кабар | 13 Июл 2022 | 369 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн, 13-июль күнү саат 06:20 чамасында Баткен облустук ооруканасынын дарыгери милицияга чалып, Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну К.К. ооруканага жетпей каза болгонун кабарлаган.

Маалыматты Баткен РИИБи бирдиктүү реестрге каттап, териштирүү жүргүзгөн.

11-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Ак-Сай айылынын 26 жаштагы тургуну К.С. менен 37 жаштагы тургуну К.К. Геревшин жайлоосуна эс алганы барышкан.

Эртеси, 12-июль күнү болжол менен саат 14:30 чамасында үйдүн ээси 35 жаштагы У.А. мылтыгын октоп жатып, кокусунан машаасын басып алган. Атылган ок эшиктин алдынан өтүп бараткан Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну К.Кга тийген.

К.С. менен У.А. К.К.нын жараатын таңып, Курбака тилкесиндеги аскер кызматкерлеринен жардам сурашкан. Алгачкы мединциналык жардам көрсөтүлүп, андан соң 13-июль түнкү саат 03:30 чамасында Баткен ооруканасына алып келатканда «Баткен-Исфана» жолунун Ак-Татыр айылы тушунан К.К. үзүлүп кеткен.

Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM