Бүгүн, 12-июлда Бишкектин Түштүк магистралы тараптан өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
ӨКМдин маалыматына караганда, Токтоналиев менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Ала-Тоо» ресторанынын артындагы талаадан өрт чыгып, эки гектардан ашуун жерге жайылып кеткен.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу бөлүмүнөн кызматкерлер барып, саат 14:10до чектөөгө алып, саат 15:38де толук өчүрүшкөн.