Эртең, 13-июлда түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32,
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +29…+34,
Ысык-Көл жана Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,
Бишкек шаарында кечке жуук өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градус болот.