Биз менен байланышыңыз

Нарында жер талаштан улам алты адам октон жараат алды

Кыска кабар | 8 Июл 2022 | 544 | 0

Нарын облусунда алты адам октон жараат алды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 7-июль күнү саат 22:48 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө ок атышуу тууралуу билдирүү түшкөн. Факты каттоого алынып, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган. Хутор-Ак-Талаа айылынын 30-40ка жакын тургуну К.Б. аттуу жашоочунун үйүнө келгенин аныкташкан. Алар үйдүн терезелерин таш менен талкалап, Subaru Outback унаасын өрттөп салышкан.

«Ошол маалда үй ээси көчөгө чыгып, чогулгандарга карай ок чыгара баштаган. Натыйжада алты адам жабыркап, ооруканага жаткырылды. Жабыркагандардын үчөөнүн абалы оор, калгандарына биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Милициядан билдиришкендей, жергиликтүү тургундардын ортосундагы чыр жер талаштан улам чыккан. Эки тарап тең бири-бирине каршы арыз жазышкан.

Copyright © 2017 Maral FM