Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Москвада Жеңиш парадына катышты

Кыска кабар | 9 мая 2024 | 116 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда Москва шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышты.

Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашуун адам, 70 даана аскер техникасы жана авиация катышты. Жөө колоннанын курамына салттуу болгон түрлөрү боюнча бөлүнгөн полктор, батальондор жана роталар кирди.

Парадга мамлекеттердин лидерлеринен- Беларустун мамлекет башчысы- Александр Лукашенко, Казакстан президенти — Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Орусиянын президенти- Владимир Путин, Тажикстан мамлекет башчысы — Эмомали Рахмон, Түркмөнстанды башкарып турган — Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын лидери — Шавкат Мирзиеевдер катышты.

Ошондой эле Кубанын президенти Мигель Диас-Канель, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит жана Гвинея-Бисаунун президенти Сисоку Эмбалолор чакырылган.

Жеңиш парады аяктагандан кийин Мамлекет башчылары Орусиянын президенти Владимир Путин менен биргеликте Александр бакчасындагы Белгисиз Солдаттын мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирген.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM