Манас Самидинов «Манас» аэропортунун башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Манас» аэропортун буга чейин Бакыт Шаршеев жетектеп келген.
Манас Самидинов «Манас менеджмент компани» ЖАКтын директору болуп иштегени айтылат. Интернет булактарында ал тууралуу башка маалымат жок.