Биз менен байланышыңыз

УКМК: Сулуулук салондору аткез жол менен келген дары-дармек колдонот

Кыска кабар | 7 Июл 2022 | 341 | 0

Косметикалык дары-дармекти өлкөгө бир нече ирет аткез жол менен алып келүүлөр болгону аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкектин аймагында медициналык-эстетикалык косметологияга адистешкен бир катар сулуулук салондору жана сулуулук клиникалары иштейт. Алар колдонгон медициналык препараттар тиешелүү экспертизалардан өтпөй турганы аныкталды. Бул мыйзам талаптарын бузуу болуп саналат.

«Жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, сулуулук клиникаларында жогорку сапаттагы дары-дармек эмес, контрабандалык жол менен алып келинген дары-дармек колдонулат. Бул аллергиялык реакция, анафилактикалык шок, сезгенүү жана инфекциялык процесстер, сепсис, жумшак ткандардын некрозу жана гематомалар сыяктуу кесепеттерге алып келет. Бул жакынкы келечекте улуттун генофондунун бузулушуна алып келиши мүмкүн, анткени азыркы учурда көпчүлүк жаш кыздар косметологдордун кызматына кайрылышат», — деп айтылат маалыматта.

Учурда топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголгону кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM