Биз менен байланышыңыз

Аскар Акаев Садыр Жапаровду мактады

Кыска кабар | 1 Июл 2022 | 740 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Казакстанда иш сапары менен болду. Ал Tengrinews.kz сайтына маек куруп, өзүнө коюлган бардык айыптар алынып толук акталганын, президент учурунда кетирген катачылыктары, Кыргызстанга кайтып келүү тилеги жана коңшу мамлекеттин президенти Касым-Жомарт Токаевдин саясаты боюнча суроолорго жооп берди.

Өлкөнүн азыркы президенти Садыр Жапаров тууралуу оюн бөлүштү.

Ал конструктивдүү, позитивдүү адам, кандайдыр бир жол менен Кыргызстандын экономикасын алдыга жылдыргысы келет, ушул максатта «Кумтөрдү» алды. Азыр чоң электрстанция кура башташты, анткени Кыргызстанда энергетикалык кубаттуулук жетишсиз. Бир кезде биз экспортёр болгонбуз, 1990-жылдары да, 2000-жылдардын башында Казакстанга, Өзбекстанга электр энергиясын экспортточубуз. Ал эми бүгүн Кыргызстан импортёр болуп калды, тескерисинче, электр энергиясы жетишсиз. Ошондуктан электр станциясын куруу абдан маанилүү.

Аскар Акаев мамлекеттик башкаруу формасы тууралуу да пикир айткан.

— Казакстанда тарыхый маанигее ээ референдум өтүп, азыр бийликтин формасы өзгөрдү, либералдашты. Супер-президенттиктен президенттик-парламенттикке өттү. Парламенттик шайлоо демократиялуу болот, элден түз шайлоо аркылуу жаңы күчтөрдүн агымына жол ачылды, бул эң сонун.

Ал эми бизде Кыргызстанда 10 жыл мурун жаңылыштык кетиришкен: дароо башкаруунун парламенттик формасына өтүшкөн. Азыр Борбордук Азиядагы бир да мамлекет парламенттик формага өтүүгө даяр эмес.

Мына Швейцарияда президенттерди эч ким тааныбайт. Ал жерде парламент башкарат, президенттер жыл сайын алмашат. Негизи баары сааттын механизминдей иштейт, анткени ал өлкөдө парламенттик башкаруу 500 жыл калыптанса, биздин өлкөдө анархия башталган.

Ошондуктан мен Садыр Жапаровдун конституциялык реформа жасаганын туура деп эсептейм. Кыргызстан солдон борборго, президенттик-парламенттикке өттү. Ал эми Казакстанда азыр – ортодон оңго.

Маектин толук вариантын бул шилтемеден окуса болот.

Жапаров: Акаевдин көрсөтмөлөрүнүн пайдасы тийди

Аскар Акаев атайын чакыруу менен 19-июнда Казакстанга барган. Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин студенттерине дарс окуп, андан соң 20-июнда Алматы менеджмент университетинде (AlmaU) өткөн санариптик экономика жаатындагы талкууга, «Жить в эпоху перемен» аттуу интеллектуалдык кечеге катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM