Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Акаевдин көрсөтмөлөрүнүн пайдасы тийди

Кыска кабар | 17 Янв 2022 | 1188 | 0

Президент Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» басылмасына маек куруп жатып, Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев тууралуу пикирин билдирди.

Ал «Кумтөрдүн» Кыргызстанга өтүшүндө мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө эки жолу келип, тергөөгө сурак бергени пайдасын тийгизгенин айтты.

— «Кумтөр» боюнча юридикалык документтерге кол коюу процесстери жүрүп жатат. Буюрса, жазга чейин бүтөбүз. «Кумтөр» бизге өткөнү анык. Бул маселеде Аскар Акаевичтин эки жолу келип, тергөөгө берген сурагынын пайдасы болду. Кыскасы, Аскар Акаевич мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады десек болот. Андан сырткары тергөө менен кызматташкан мурдагы өкмөт башчылардын жана депутаттардын да көрсөтмөлөрү таасир этти. Кийин ийне-жибине чейин айтып берем. Азыр болбойт. Баары бүтсүн, бүткөндөн кийин кенен сөз кылабыз, чыдап тургула, — деп айтылат президенттин маегинде.

Акаев: Мени Садыр Жапаров өзү чакырган, Ташиевге жана командасына ыраазымын

Аскар Акаев «Кумтөр» ишине байланыштуу былтыр август жана декабрь айында келип, УКМКга сурак берип, кайра кеткен. Ал өзүнө коюлган айыптар боюнча толук акталганын билдирген. Атайын кызмат Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM