Бүгүн, 29-июнда «Манас» эл аралык аэропортунда Даламан-Бишкек-Даламан багыты боюнча биринчи чартердик каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды.
Биринчи каттам менен Бишкекке 63 жүргүнчү учуп келип, Түркиянын Даламан шаарына 178 жүргүнчү учуп кетти.
Даламан-Бишкек-Даламан багыты боюнча каттамды «Пегасус» авиакомпаниясы жумасына бир жолу, шаршемби күндөрү аткарат.
Даламан шаары Анадолунун түштүк-батыш бөлүгүндө, Жер Ортолук деңиз жээгине жакын Мугла провинциясында жайгашкан.
Бүгүнкү күндө ири туристтик борбор болуп саналат, анын жанында Мармарис, Далян жана Фетхие сыяктуу популярдуу курорттор бар.