Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Мурункулар бир жылда эптеп чогулткан салыкты биз эки айда таап койдук

Кыска кабар | 29 Июн 2022 | 184 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин 29-июндагы жыйынында өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы боюнча маалымат берди.

Анын айтуусуна караганда, быйылкы жылдын бюджетин аткаруу — буга чейин бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетип жаткан акчаны бюджетке кайтаруу дегенди билдирет.

«Фискалдык саясаттын натыйжасында бюджеттин кирешеси 32 млрд сомго өсүп, 132 млрд сом болду. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 64,5 млрд сомго көбөйдү дегенди билдирет. 2023-жылы тышкы карыздын эң чоң көлөмүн төлөйбүз. Ошого байланыштуу бюджетти келерки жылы 500 млрд сомго, 2024-жылы 600 млрд сомго жеткиришибиз керек», — деди Акылбек Жапаров.

Өкмөт башчы депутат Исхак Масалиев социалдык тармактарда өзүнө бюджет боюнча көп комментарий жазарын айтып, ага жооп берди.

«2013-жылы Исхак Апсаматович Салык кызматынын жетекчиси болгон. Бир жылда 37 млрд сом чогулткан, ал эми биз 2022-жылдын беш айында эле 60,8 млрд сомду чогулттук. Ошол кезде бир жылда эптеп чогулткан салыкты биз эки айда эле топтоп коюп жатабыз. Ошонун негизинде айлык акыларды көтөрүп жатабыз, дагы көтөрүлөт. Коррупциялык схемаларды жоюунун натыйжасында ушундай жыйынтыктар болууда», — деди Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү соңку экономикалык-социалдык абал тууралуу маалымат берип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM