Биз менен байланышыңыз

Жаштардын интеллектуалдык өнүгүүсүнө багытталган эл аралык талкуу өттү

Кыска кабар | 29 Июн 2022 | 273 | 0

Президенттик аппаратынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Жергиликтүү деңгээлде тынчтыкты куруу жана коомдук биримдик үчүн дүйнөлүк клубдардын демилгелери» темасында республикалык тегерек стол болуп өттү.

Ага Президенттик администрация, Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Ички иштер министрлиги, Этностор аралык мамилелер башкармалыгы, Германиянын Кыргызстандагы элчилиги жана бир топ эл аралык уюмдар катышты.

Тынчтыкты орнотуу боюнча республикадагы 32 уюм баяндама жасашты. Алар жаштардын интеллектуалдык өнүгүүсүнө, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга жана «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашырууга көмөктөшүүгө багытталган 300дөн ашык иш-чара өткөрүшкөн.

Президенттик аппараттын эксперти Данияр Сүйүнөв өлкө бийлиги «Жаш тынчтык куруучулар» долбоорун колдой турганын, анткени дүйнөдө жана Украинада болуп жаткан окуяларды эске алуу менен жаштарга чоң көңүл буруу керектигин белгиледи.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө «Жаш тынчтык куруучулар» долбоорун колдоого кызыкдар экенин айтты. Тынчтык жана өнүгүү институту менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюуга даярдыгын билдирди. Ал келечекте өлкөдөгү мындай клубдардын саны өсөөрүнө ишенерин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM