Биз менен байланышыңыз

Кеңеш Жусупов менен Геннадий Базаровго ТҮРКСОЙдун сыйлыгы берилди

Кыска кабар | 27 Июн 2022 | 293 | 0

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана Кыргыз эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Геннадий Базаровго ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алтын медалы тапшырылды. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Султан Раев кабарлады.

Ошондой эле венгер жазуучусу Шандор Лежак да ТҮРКСОЙ уюмунун алтын медалын алды.

«Кечээ кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, улут адабият классиктеринин бири Кеңеш Жусуповго, кыргыз киносунун чыгаан залкары, кино өнөрүбүздүн могиканы Геннадий Базаровго, мажар (венгр) жазуучусу, драматургу жана коомдук ишмери Шандор Лежакка ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алтын медалын тапшырдык. Татыктуу инсандар татыктуу сыйлык алды», — деди Султан Раев.

Анын айтымында, Шандор Лежактын демилгеси менен венгер тилинде жарык көргөн «Манас» эпосунун алгачкы нускасы Кыргыз улуттук китепканасына берилди. Жакынкы айларда венгер тилине которулган эпостун бет ачары ТҮРКСОЙдун, Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өткөрүлөт. Эпосту мажар тилине белгилүү түрколог Дауд Кара которгон.

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев ТүркСОЙ уюмунун башкы катчысы болуп 31-мартта шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM