Биз менен байланышыңыз

Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган ишкерлер салыктан бошотулат

Кыска кабар | 27 Июн 2022 | 703 | 0

Үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге ишкердик кылган чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго жетпесе, аларды салыктан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 26-июндагы отурумунда айтылды. Анда контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү боюнча сунуштар талкууланды.

Буга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, ККМди киргизүүгө каршы чыккан ишкерлердин айрымдарынан турган жумушчу топ түзүлгөн. Ал 10 күндүк иштен кийин сунуштарды иштеп чыкты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, ККМди ишке киргизүү үчүн эң ийкемдүү шарттар түзүлөт. Ошол эле учурда салыктарды төлөө ар бир жарандын милдети.

Жапаров алкоголдук ичимдиктерди, курамында алтыны бар продукцияларды, мунай продуктуларын сатуу менен алектенген ишкерлер ККМ колдонууга милдеттүү экенин айтты. Сатылып жаткан продукцияга эсеп-фактураларга ээ болуусу керек.

Ошондой эле кайрадан түшүндүрүү иштерин жүргүзүлөрү айтылды.

Жумушчу топтун кезектеги жыйыны бир жумадан кийин өтөт, анда ишкердиктин башка категориялары талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM