Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВт электр линиясы курулууда. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг ишканасынан кабарлашты.
Бүгүнкү күндө төмөнкү курулуш иштери жасалган:
1094 (88%) тирөөчтүн аянтчаларына кирме жолдор курулду, 1023 (82%) тирөөчтүн чуңкуру казылды, 927 (75%) тирөөчкө арматура ширетилип, таманы бетондолду, 598 (48%) тирөөч орнотулду. Жалпысынан 1241 электр тирөөч орнотулат.
Учурда Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында иш жигердүү жүрүп жатат. 329 жумушчу 150 атайын техника менен иш жүргүзүүдө. Жумушчулардын 70%га жакынын жергиликтүү тургундар түзөт.
Үч облуста иштеген адистерге шарт түзүү үчүн 6 курулуш базасы уюштурулган.
CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын — Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.