Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда 18 млн сомго салынган бала бакча ачылды

Кыска кабар | 24 Июн 2022 | 223 | 0

Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгына караштуу Төш-Кутчу айылында 100 орундуу 2 кабаттан турган «Алтын уя» бакчасынын курулушу аяктап, 24-июнь күнү пайдаланууга берилди.

Бакчанын ачылуу аземине Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мэриянын маалыматына караганда, бала бакчанын пайдубалы 2017-жылы салынып, бир нече жыл каржынын тартыштыгынан курулушу токтоп турган. Бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 18 млн 600 миң сомдон ашуун каражат сарпталганы айтылды.

«Алтын уя» балдар бакчасында бардык шарттар каралган, короосунда балдар ойноочу аянтча, эки бастырма, бакчаны жылытуу үчүн откана курулган.

Жалал-Абад шаарына караган Төш-Кутчу айылында 2 миңден ашуун калк жашайт.

Жыл башынан бери шаарда 180 жана 100 орундуу эки бала бакча пайдаланууга берилди. Быйыл жыл аягына чейин дагы 50 орундуу бала бакчаны пайдаланууга берүү пландалууда.

Жалал-Абад шаарында учурда төрт миңден ашуун жеткинчек бала бакчага барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM