Биз менен байланышыңыз

24-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 23 Июн 2022 | 319 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 24-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29,

Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33,

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +28…+33,

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +28…+30 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM