Биз менен байланышыңыз

Парламент казино тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап жатат

Кыска кабар | 22 Июн 2022 | 454 | 0

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кумарканаларды кайра ачуу боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Кумарканаларды ачуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 20-июнда экинчи жана үчүнчү окууда дароо карап, жактырган.

Депутаттар казинолор ачылса көзөмөл болбой, кыргызстандык жарандар да кумар оюндарын ойноп кетишерин айтып жатышат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров казиного уруксат берүү мыйзам долбоору кабыл алынып калса, оюн-зоок жайына чет элдик жарандар гана киргизилип, кыргыз жарандарына кирүүгө тыюу салынарына ишендирүүдө.

Анын айтымында, буга чейин өкмөт 123 млрд сомдук антикризистик план кабыл алган. Мыйзам иштесе быйыл 1 млрд сомдон 2 млрд сомго чейин киреше алынышы күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM