Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 23-июнда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +24…+29,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +23…+28,
Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +26…+31,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +27…+32 градус болот.