Биз менен байланышыңыз

Кадыралиева: Кыргызстанда көп тармактуу миграциялык борбор ачылат

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июн 2022 | 1207 | 0

Орусия менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жакын арада Кыргызстанда көп тармактуу миграциялык борбор ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Миграция саясаты бөлүмүнүн башчысы Кымбат Кадыралиева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мигранттар Орусияга кетерден мурда Кыргызстанда эле дактилоскопиядан (манжа изин) жана медициналык текшерүүдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

«Бул чечилген маселе. Борбордун ачылышы салтанаттуу түрдө өтөт деп пландаштырып жатабыз. Жакын арада кошумча маалымат берип, элге жакшы жаңылыкты тартуулайбыз».

Орусия бийлиги быйыл аталган өлкөгө барган жарандар үчүн жаңы талаптарды киргизген жана миграциялык мыйзамдар катаалдаштырылган. Медициналык текшерүүдөн өтүүдө көптөгөн мигранттар кезек күтүп калышкан.

Copyright © 2017 Maral FM