Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, айдоочу каза болду

Кыска кабар | 22 Июн 2022 | 382 | 0

Бүгүн, 22-июнда таңкы саат 06:00 чамасында жол жээгинде автоунаа күйүп жатканы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат түшкөн.

Таш-Көмүр шаарында Бишкек – Ош унаа жолунун 448-чакырымында күйүүчү май ташуучу унаа жолдун четине чыгып, өрттөнгөн. Баллону атылып кетип, жарылган унааны өрт каптап, айдоочусу каза болгон.

Кырсык катталган жерге Таш-Көмүр шаардык өрт өчүрүүчү-куткаруучулары барып, саат 6:30да өрттү чектөөгө алып, саат 7:56да толугу менен өчүрүшкөн.

Болжол менен алдыңкы баллону жарылып кеткендиктен автоунаа өрттөнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM