Биз менен байланышыңыз

«Жол кирени накталай албашы үчүн айдоочуну кондуктор көзөмөлдөйт»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июн 2022 | 252 | 0

1-июлдан тарта Бишкек шаарынын автобус жана троллейбустарына жол кире үчүн накталай төлөмдөр кабыл алынбайт. Тагыраагы жүргүнчүлөр жол кире акысын бир гана карта менен төлөй алышат.

Айдоочулардын накталай төлөм алып ийбеши үчүн атайын кондукторлор көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Максат Нусувалиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

«Жүргүнчү акча сунуп, айдоочу унчукпай алып койгон учурлар болот. Биз мындай көрүнүштөр менен күрөшөбүз. 1-июлдан тарта мобилдик топтор чыгып иштейт. Ошондой эле «кондуктор» системасын киргизип жатабыз. Бул айдоочунун үстүнөн көзөмөлдөй турган адамдар болот. Муну пилоттук долбоор кылып, эки айга чейин пландап жатабыз. Эң башкы максатыбыз сентябрь айына чейин бардык кемчиликтерди, техникалык мүчүлүштүктөрдү оңдоп, бул системаны толук кандуу ишке киргизүү болуп турат».

«Жол кирени карта менен төлөө көмүскө каражатка бөгөт коёт»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM