Connect with us

«Жол кирени карта менен төлөө көмүскө каражатка бөгөт коёт»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июн 2022 | 377 | 0

1-июлдан тарта Бишкек шаарынын автобус жана троллейбустарында жол кире үчүн накталай төлөм кабыл алынбайт. Тагыраагы, жүргүнчүлөр жол кирени бир гана карта менен төлөй алышат.

Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Максат Нусувалиев «Маралдын» эфиринде аталган системаны толук кандуу ишке ашыруунун максатын түшундүрдү.

«Жүргүнчүлөрдү ташуудан келип түшкөн акчанын кандайдыр бир бөлүгү көмүскөдө калып жатат. Ушул терс көрүнүштү жоюу жана түшкөн каражатты түздөн-түз шаардын бюджетине которуу максатында бул система киргизилүүдө. Каражат бюджетке түшсө, сөзсүз түрдө автобус-троллейбустардын өз убагында жаңыланышына, иштен чыккан транспортту оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жаңы каттамдарга ишке кирүүсүнүн камсыздалышына, айдоочулардын айлык-маянасын жогорулатууга жардам берет».

Жүргүнчүлөр төмөнкүдөй накталай эмес төлөм ыкмаларын пайдалана алат:

— «Тулпар» транспорттук карталарынын үч категориясы бар (стандарт, мектеп окуучулары үчүн, жеңилдетилген);

— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталарын;

— виртуалдык NFC картасы;

— «Тулпар» жана Balance тиркемесинде QR-код сканерлөө;

— «Тулпар» тиркемесине транспорттук кодду киргизүү ыкмасын да колдонсо болот.

Бүгүнкү күндө автобус, троллейбустарда жол кире акысы 11 сом.

2020-жылдын март айынан тарта BPC AG швецариялык компания менен бирге борбор калаада «Тулпар» картасы иштөөдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM