Биз менен байланышыңыз

21-июнда көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 20 Июн 2022 | 253 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 21-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жана тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жана тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30,

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26,

Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +27…+29 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM