Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жаратылыш газын берүү бир айга токтотулат

Кыска кабар | 19 Июн 2022 | 265 | 0

Бүгүн, 19-июндан тарта 20-июлга чейин Бишкектин борбордук бөлүгүндө жаратылыш газын берүү токтотулат.

«Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалыматына караганда, бул убакытта эскирген жабдууларды жана түтүктөрдү келерки күз-кыш мезгилине карата пландык оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Оңдоо иштерин эки этап менен жүргүзүлөт.

Биринчи этап 20-июндан 4-июлга чейин болот. Бул убакта ремонт иштери жасалат.

Экинчи этап 4-июлдан 20-июлга чейин жүрөт, өчүрүлгөн аймактарга газ берүүнү калыбына келтирүү иштери жүрөт.

Газ берүү токтотула турган аймактар:

Осмонкул, Лев Толстой, Бейшеналиев (Ала-Арча району), Малышев, Касымалы Баялинов (БЧК), Журнальная, Жибек Жолу проспектилери менен чектешкен аймактарда жаратылыш газын берүү токтотулат.

Мындан тышкары, «Кулжа Бик», «Бай тур», Котельные «БТЭ», «Алькони», «Автомаш Радиатор» ишканаларында да газ өчөт.

Copyright © 2017 Maral FM