Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Кыяда сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады

Кыска кабар | 19 Июн 2022 | 331 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына сел жүргөн жерге барды.

Кечээ, 18-июнь күнү саат 18:00 чамасында нөшөрлөгөн жаандан улам И.Жусубалиев, Ударная көчөлөрүндө 24 турак үйдүн короосуна, 17 турак үйдүн ичине жана жертөлөсүнө, социалдык объектилердин короолоруна сел суулары кирген.

Учурда тазалоо иштерине ӨКМден жалпы 117 куткаруучу тартылып, жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ажикеев  шаар калкы менен жолугушуп, жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берүү менен, тиешелүү чаралар кабыл алынгандыгын билдирди.

Катуу жааган жаандан кийин шаарда «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM